www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештеги "Ата Мекен" фракциясы президенттик шайлоону 27-августта өткөрүү сунушун парламентке жолдоду. Фракция башчысынын милдетин аткаруучу Алмамбет Шыкмаматовдун айтымында, Конституцияга ылайык, Алмазбек Атамбаевдин президенттик мөөнөтү быйыл 1-декабрда аякташы керек. Эгер шайлоо ноябрда өтсө жаңы президент Баш мыйзамда көрсөтүлгөн мөөнөттө кызматка кирише албай, ал мыйзамдардын бузулушун шартташы мүмкүн:

- Жаңы шайланган президент 1-декабрда өзүнүн ыйгарым укуктарына киришүүсү керек. Ал мөөнөттү камсыз кылуу үчүн президенттик шайлоо андан эрте өтүшү зарыл. Себеби, президенттик шайлоо өткөн соң БШК үч ичинде өз жыйынтыгын чыгарат. 20 күн ичинде шайлоо комиссиялары өлкөнүн бардык булуң-бурчундагы протоколдорду эсептеп, жыйынтыгын чыгарышы керек. Ошентип, эгер президенттик шайлоо биринчи тур менен эле өтсө, анда 19-ноябрдагы шайлоодон кийин учурдагы президент 41 күн дагы мөөнөтүн аткарып келет. Эгер экинчи күнгө калса, анда президент дагы 82 күнгө ыйгарым укуктарын узартып алат. Мыйзам боюнча, 41 күн эмес, 82 күн эмес, бир күн, бир саатка дагы президенттик мөөнөттү узартууга эч кимдин акысы жок.

БШКнын түшүндүрмөсүндө президенттик шайлоо күнүн аныктоо «Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндөгү» мыйзамдын негизинде жүрөрү белгиленген. БШКнын укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Кубат Үмөталиев президенттин алты жылдык мөөнөтү 2017-жылы аяктай тургандыгын белгиледи. «Конституциялык мыйзам боюнча кезектеги шайлоо президенттин ыйгарым укуктары аяктай турган ушул жылдын ноябрынын үчүнчү жекшембисинде өтөт. Тактап айтканда, президенттик шайлоо 19-ноябрда өтүшү керек», - деди ал.

Кыргызстандын Баш мыйзамына ылайык, президент бир мөөнөткө гана шайланууга укуктуу. Президент Алмазбек Атамбаев өз мөөнөтүндө бийликти тынч жол менен тапшырарын байма-бай айтып келет. Учурда күзүндө өтчү шайлоого катышуу ниетин бир нече саясатчы билдирди.

Булак: "centralasian.org"

Последние новости