www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ошентип, дагы бир жыл көздү ачып-жумгуча эле өтүп кетти. Премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун өкмөт башына келгенине да туура бир жыл толду… Демек, салт болуп калгандай, кандайдыр бир мерчемдүү жыйынтыктарды чыгарып, аны менен кошо өкмөттүн азыркы абалына да саресеп салууга орчундуу себеп, оңтойлуу жагдай пайда болду…

Эгерде жогорку рангадагы жетекчилерге тиешелүү деңгээлдеги аналитикалык, кыска мүнөздөмөлөр такай берилип турса, анда азыркы жогорку рангадагы жетекчилердин басымдуу бөлүгү “өздөрү ээлеп турган кызматына ылайык эмес” деген терс бааларды алышары турган иш деп айтсак, аша чапкандык болбос…

Алардын арасында айрымдары гана учурдагы талаптарга жооп берип, өздөрүнө артылган оор жүктү тартып кетүү мүмкүнчүлүгүнө ээ экендиктерин далилдеп келе жатышат.

Маселен, бир жылдан бери премьер-министр креслосун ээлеп олтурган Сооронбай Жээнбековдун жасаган иш-аракеттерине токтоло турган болсок, жаңы Конституция боюнча, өкмөт башчысынын кызматтык ыйгарым укуктары бир топ кеңейтилип, жалпы өлкө деңгээлиндеги саясий, чарбалык-экономикалык саясатты жүргүзүү үчүн колуна толук карт-бланш берилгендиги айкын. Демек, учурдагы жагдай да, кызматтык милдет да ага коюлган талаптар мурдагы премьер-министрлерге караганда алда канча жогорулап, жоопкерчилиги дагы арткандыгын айтып олтуруунун кажети жок.

Асыресе, премьер-министрдин статусу мамлекеттик-саясий система боюнча мурдагыдан кыйла жогоруласа да, Сооронбай Жээнбеков популизмден алыс болуп, эң биринчи иретте сөзгө караганда ишке көбүрөөк басым жасоого умтулган адам экендигин бир жыл ичинде толук айкындап койду. Мунун айкын далили катары — ​экономикалык өсүш 2016-жылы 3,8% болгонун айтсак болот. Мындан сырткары, каржылоо маселеси чечилбеген Балыкчы-Корумду жолунун Чолпон-Ата бөлүгү эч кыйкырык-ызы-чуусуз эле бүткөрүлдү. Бул проект Кыргызстандын эл аралык аренадагы аброюн бекемдеген Көчмөндөр оюнун өткөрүүдө чоң мааниге ээ эле.

Ыкчам өзгөрүп жаткан коомдук-саясий шарттарга туш келген, өкмөт жетекчиси катары өз шыбагасына, жаңы горизонттор ачылган жетекчи өз миссиясын терең түшүнүү жана чоң жоопкерчилик менен кабыл алуусу шарт болчу. Өкмөт деңгээлинде жүргүзүлүп жаткан айрым иштер Сооронбай Жээнбеков өкмөт саясатына жаңы Конституцияга ылайыкталган, кардиналдуу өзгөрүүлөрдү киргизүүгө умтула баштагандыгынан кабар берип турат деп айтууга толук негиз бар.

Албетте, орто деңгээлдеги звенодогу бир катар жетекчилерге сөгүш берип, бирин-экин министрлердин орун басарларын жана министрлерди алмаштырып койгондон эле иш ыргагы, мурдатан жедеп калыптанып калган көнүмүш маанай өзгөрүп кетпейт. “Орун алмашуудан сумма өзгөрбөйт” демекчи, мурунку эле иш ыргагы сакталып кала берет

Муну жакшы түшүнгөн жаңы премьер-министр өкмөттүн жалпы стратегиялык саясатын өзгөртүүгө басым жасай баштагандыгы байкалууда. Жаңы премьер-министр чечкиндүү аракеттерди жасоодо терең ойлонулган кадамдарга барып, жети өлчөп, бир кес деген сыяктуу акылман насааттарды жетекчиликке алгандыгын жалпы эл, коомчулук түшүнүү менен кабыл алууда.

Мурунку жылдарда ички инвестиция жана да биздин тышта жүргөн мигранттарыбыздын которушкан каражаттарынын Кыргызстанга которулуу көлөмү кескин кыскарып кеткен болсо, 2016-жылы ЕАЭБдин курамында Кыргызстан алгачкы эле ишмердигин баштаган жылда эмгек мигранттары үчүн жумушка орношуу процедуралары кыскарып, алардын үй-бүлөлөрүнүн социалдык абалы бир топ жакшырды. 2016-жылы эмгек мигранттарынын мекенине жөнөткөн каражаты 21,6% өсүп башкача айтканда 1,6 млрд сомду түздү.

2016-жылдын жыйынтыгы боюнча ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ичинен Кыргыз Республикасы Ички Дүң Продукциянын эң чоң өсүшүн көрсөттү — ​экономиканын өсүшү 3,8% деңгээлинде болду. Экономикалык өсүш экономиканын бардык секторлору тарабынан камсыз кылынган, анын ичинде: айыл чарбасында көлөм 3,0%га реалдуу түрдө өскөн, кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө — ​3,0%га, курулушта — ​7,4%га жана өнөр жайда — ​5,2%га өскөн. Салыштырып айта турган болсок: Казакстанда ИДП 1%га өстү, Арменияда болсо экономиканын өсүшү 0,2%ды түздү, Россияда жана Беларуссияда экономикалык өсүштүн терс динамикасы (–) 0,2% жана (–) 2,6% болду.

Сооронбай Жээнбеков өкмөттүн ишмердүүлүгүндө өзгөчө маанилүү приоритеттердин бири катары өлкөнүн экспорттук дараметин колдоо, өнүктүрүү деп аныктап, бир жылдык ишиндеги негизги аракетин ушул багытка жумшады.

Көрсөткүчтөр жаман эмес — ​2016-жылы экспорт 5,1% өстү. Биздин экспортчулар өз товарларын кошумча салык төлөмүсүз Европа Биримдигинин рыногуна чыгарууда. 2016-жылы ЕС мамлекеттеринин аймагына экспорттун көлөмү 2015-жылга салыштырмалуу 44,3% көбөйдү.

2016-жылы эле Кыргыз-Россия өнүктүрүү Фондунун алкагында жалпы суммасы 202 млн АКШ долларын түзгөн 647 долбоор каржыланып, 13 миңден ашык дыйкан-фермерлерге 4,8 млрд сомдук жеңилдетилген насыя берилди. Бул цифра 2015-жылдын деңгээлине салыштырмалуу 126,3%ды түзгөн.

Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдигинде өзүнүн татыктуу ордун табуусуна басым жасоодо. Мисалы: инфраструктураларды жаңылоо, ветеринардык жана фитосанитардык лабораторияларды куруу жана оңдоо, көзөмөл өткөрмө пункттарын реконструкциялоо иштери активдүү жүрүп жатат. Бул ишмердүүлүктүн алкагында өлкө боюнча аймактарда ири жумуштар башталган. Мунсуз Кыргызстандын товарларынын сыртка чыгышы жана сатылышы да мүмкүн эмес.

Жыйынтыгында Талас облусунун Кара-Буура районунда эл аралык стандартка жооп берген фитосанитардык лаборатория ачылды. Жакынкы убакта Ысык-Көл облусунун Түп районунда дагы бир фитосанитардык лаборатория пайдаланууга тапшырылат. 2017-жылдын аягына чейин Кыргызстанда 13 фитосанитардык жана ветеринардык лаборатория ишке киргизилет. Өлкөнүн бардык облустарында ветеринардык, фитосанитардык лабораторияларды куруу жана ремонттоо иштери жүргүзүлүүдө Россия тараптын колдоосунда 200 млн АКШ доллары суммасында бөлүп берилген каражаттардын алкагында бажы постторун, өткөрүү пункттарын жана лабораторияларды керектүү жабдыктар менен жабдуу боюнча зарыл иш-чаралар өткөрүлдү.

Манас», «Ош», «Торугарт», «Эркечтам» 4 өткөрүү пункту жана «Торугарт», «Эркечтам», «Достук», «Кызыл Бел», «Кара-Суу» темир жол станциясы, «Манас» жана «Ош» аэропортторунун 7 ветеринардык-контролдук өткөрүү пункттары жабдылды. Мамлекеттик бюджеттин каражаттарынын эсебинен кошумча дагы 8 өткөрүү пункттарында куруу жана жабдуу боюнча иш жүргүзүлүүдө.

Премьер-министрлик кызматы система өзгөргөн кырдаалга жана жаңы түзүлгөн ыңгайлуу, жакшы шарттарга туш келген Сооронбай Жээнбековдон жана анын өкмөтүнөн коомчулук жаңыча жана чечкиндүү кадамдарды күтүп жаткандыгы мыйзамченемдүү көрүнүш. Асыресе, азыркы түзүлгөн абал мындай изги үмүттөр аз-аздап болсо да актала баштады деп айтууга мүмкүндүк берет.

Азамат САЛИЕВ

Булак: "Жаңы ОРДО"

Последние новости