www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Учурда Бишкектеги отун базаларында Кара-Кече көмүрүнүн бир тоннасы болжол менен 4 500 сомдон сатылууда. Бирок бул баа төмөндөй турганын «Кыргыз көмүр» ишканасынын жетекчиси Мирлан Жакыпов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Жакыпов аба ырайынан улам көмүр кеч казылганын айтып, бирок ага карабай жетиштүү көлөмдө алына баштаганын белгилеген.

«Үч күндөн бери Бишкектеги көмүр базаларына Кара-Кеченин көмүрү келе баштады. Мурдагы күнү биздин кызматкерлер Чүй менен Бишкектеги отун базаларына мониторинг кылып чыгышты. Күнүгө бир отун базасына 200 тоннадан көмүр түшүүдө.

Бирок келери менен сатылып кетип жатыптыр. Бул жылда эле боло турчу көрүнүш. Башында ушундай дүрбөлөң болот да, анан басаңдап калат. Азыр көмүрдүн бир тоннасынын баасы 4 500 сом болуп жатса, бир аз убакыттан кийин 3800-4000 сомго түшүп калат деп ойлоп жатам», — деди Жакыпов.

Ал көмүр жетиштүү көлөмдө экенин айтып, кышында тартыштык жаралбай турганын кошумчалады.

Бишкектеги сатуучулардын айтымында, учурда Кара-Кече көмүрүнүн бир тоннасы жеткирүү акысы менен 4 700 сом болуп жатат. Ал эми Казакстандын Шабыркүл көмүрүн 4 500 сомдон тапса болот.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости