www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Коррупциянын вакцинасын ойлоп таап жатабыз. Бул туурасында министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, экономика жана финансы министри Акылбек Жапаров парламентте билдирди.

Ал райондук бюджетти калыбына келтирип, акимдердин укугун кеңейтүү менен жер-жерлерде жаралган маселени тез арада чечүү, бардык айылдарды тегиз өнүктүрүү максатын көздөп жатканын белгиледи.

«Убагында ушул залда Чыңгыз Төрөкулович (Айтматов — ред.) «аким дегендер Далай-лама болуп алыптыр, эч кимди укпайт» деп айткан эле. Биз андайга жол бербейбиз, ага рычагдарды карап жатабыз. Коррупция деген оору экен, бирок анын вакцинасын дагы ойлоп таап жатабыз», — деди Жапаров.

Учурда «Жергиликтүү мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзам долбоору парламентте экинчи окууда каралып жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости