www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов 4-5-октябрь күндөрү Өзбекстанда расмий сапар менен болду. Анын алкагында 2004-жылдагы жарандардын өз ара карым-катышы боюнча макулдашууга оңдоолор киргизилип, эки өлкөнүн ишкер чөйрөсүнүн өкүлдөрүнө визалык тартипти жеңилдетүү боюнча протоколго кол коюлду.

Өзбекстандын президентинин басма сөз кызматы тараткан билдирүүдө бул документ сөзсүз түрдө ишкерлерге жагымдуу шарт түзүп, улут аралык ынтымакты чыңдоого кызмат кылары айтылган.

Эки мамлекеттин ортосунда транспорт, транзиттик жүк ташуу, сууну үнөмдөөчү технологияларды алмашуу, өсүмдүктөрдү коргоо жана карантиндик кызмат сыяктуу 23 документке кол коюлду.

Өзбек-түркмөн чек арасында соода тилкесин түзүү боюнча макулдашуу дагы жетишилди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости