www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

 

Мыктыбек "Ак аюу" Мамасалиев: атаандаштарды эки мүнөттө нокаутка жөнөтөм! 27 жаштагы Мыктыбек Мамасалиев спорт сүйүүчүлөрүнүн арасында "Ак аюу" каймана аты менен белгилүү. Ал атаандаштарын көпкө кармабай нокаутка кетирген сапаты менен эсте калат. Спортчу алгач бокс боюнча Кыргызстандын үч жолку чемпиону, Евразия мелдешинин башкы жеңүүчүсү аталган. 2015-жылы ММА спортуна өтүп, ошол эле жылы дүйнө чемпионун багындырган. Учурда "Жаш күч" спорт клубунун курамында, машыктыруучусу Замир Сыргабаев. Мамасалиев журналист Гүлдана Талантбековага каймана атынын чечмеленишинен тарта жеңиши жана жеңилиши тууралуу айтып берди. Адатта спортчулар аз сүйлөөрү маалым. Ойлоноуп-толгонуп атып, биртике сөзүңүдүн баарын жыйнап суроо берсең, "ооба" же "жок" деген жооп узатат. Бирок спортчулардын жакшы жери эч кандай жасалмалуулук жок, болгонун болгондой айтып салышат. — Сизди "Ак аюу" деген каймана ат менен көбүрөөк тааныйбыз. Мындай ысымдарды, негизи эле каймана атты спортчунун эмнесине карап беришет? — 2008-жылы Чолпон-Атада Евразия оюндары өткөн. Ошол кезде каймана ат менен чыгуу кеңири тарап кеткен. Бокс боюнча машыктыруучум Абдалим Исманов сырткы келбетиме карап "Ак аюу" деген ысымды ыйгарды. Башка дагы аттарды сунуштаган, жактырбай отуруп ушуга токтолгонбуз. Каймана атым өзүмө жагат. Көбү атым Мыктыбек экенин деле билишпейт. Көчөдөн "Ак аюу" кетип баратат деп калышат. — Маселен, спортчулар "карышкыр", "жырткыч", "кабылан", "өрт" деген бир башкача ысымдарды коюп алышат. Ал канчалык бир деңгээлде силерге таасирин тийгизеби? — Каймана ат менен чыгуу спортчуларга сүр берет деп айтышат. Бирок мунун баары жеке каалооңдон көз каранды. Башкача аттар мени да кызыктырат. Мисалы, казактарда "мысык" деген ысымды алып жүргөн спортчу бар. — Спорт дүйнөсүндө канча убакыттан бери жүрөсүз? — Бул дүйнөгө аралашып калышыма ыраматылык атам түрткү берген. Жаштайымда сыналгыдан мушташтарды көрүп, кызыгуум артты. 14 жашыман тарта бокс менен машыга баштадым. — Каражаттын тартыштыгынан көбү спортту хобби катары карашат же убакыттын өтүшү менен башка жумушту аркалап кетишет. Сиздин спортко болгон мамилеңиз кандай? — Мен спортту сүйөм, ал менин жашоом. Кошумча ишкерлик менен алектенем. Борбордогу Дене тарбия жана спорт академиясын бүткөм. Быйыл, буюрса, юридикалык академияны аяктайын деп турам. — Беттеште ар ким ар түрдүү ыкма менен жеңишке жетет. Сиз көп учурда атаандаштарды көпкө кармабай эле нокаутка кетиресиз. Соккуларыңыз дагы катуу экени байкалып турат. Бул сиздин өзгөчөлүгүңүзбү? — Менин беттештерим бир эле раундга созулат. Эки мүнөттүн ичинде атаандашымды байкаштырып туруп, ыңгайы келгенде уруп салам. Бул балким өзгөчөлүктүр, балким спорттун ыкмасыдыр. — Сиздин мушташ учурундагы виделоруңуз интернетте ачык эле жүрөт. Айрым спортчулар болочоктогу атаандаштар ыкмаларымды көрүп алып, ошого жараша бутага алышат деп жүктөшпөйт экен. Сиз бул тууралуу ойлонуп көрдүңүз беле? — Мен андай нерселерден кооптонбойм. Көрүп даярданган учурда деле машыкканыңа жараша жыйынтыкка жетесиң. Атаандашың тууралуу укканда маалымат үчүн видеолорун көрүп койгон учурлар болот. Бул бардыгында эле колдоно турчу ыкма. — Денеңиздин канча жеринде жаракат бар деп сурабай эле коеюн. Эң орчундуусун айтыңызчы? — Төрт-беш жыл мурун колуман катуу жаракат алып, ал бир жыл мурун гематомага айланган. Адатта денеге сокку урулганда кан уюп отуруп сөөк сыяктуу катып калат экен. Операция кылып алдырганга туура келди. Алты ай спортко аралашкан жокмун. Эки ай мурун Москвада боло турчу беттешке сунуш түшкөндө макулдугумду берип, аз убакыттын ичинде даярдандым. Бирок утулуп калдым. Себеби толук кандуу өзүмө келе элек болчумун. Эми кайрадан машыгууну улантып жатам. Буюрса, бир айдан кийин беттешке даяр болуп калам. — Сакалыңыздан улам дин жолундасызбы деген суроо туулат. Ошондой болсо ислам принцибинде мусулмандар бири-бирине физикалык жактан зыян келтирбейт, өзгөчө бетке чаппайт деп айтылат. А сиздердин ММА беттештерин сырттан көрүп эле эсиң чыгат? — Диний китептерди окуп жатам. Буга чейин сиз айткандар боюнча көп кишиден сураштырдым. Албетте, ар кандай соккулар болот. Бирок беттеш эки спортчунун макудугунун негизинде, ортодо эч кандай нааразычылыгы жок жүрүзүлсө уруксат экен. — Баарынын көздөгөнү эле жеңиш. Ичине кек сактап калсачы? — Спортто кек сактоо деген болбошу керек. Тескерисинче, беттештен кийин кол алышып, дос болуп калууга аракет кылабыз. — Спорттук карьераңызды жеке кызыкчылыктар үчүн жумшаган күндөр болду беле? Маселен, айрым көйгөйдү муштум менен чечип дегендей… — Жаш кезде көчөдө көп урушчумун. Азыр андай убак өткөн. Конфликт жараткандан деле алыспыз, муштум деле көтөрбөйм. Акыркы жолу беттештен тышкары мушташканым эсимде жок. — Бир күндө канча убакыт машыгасыз? — Беттешке чукул төрт саат машыгып туруу жетиштүү. Мындай күндөрү эки саат машыгам. "Жаш күч" спорт клубундамын. Беттештерге мушкерлик боюнча Акжол Ажибеков даярдачу. 2014-жылы ММА өткөндөн бери Замир Сыргабаев жардам берип турат. Бишкекте жүргөндө өзүм эле машыгам, Ошко барганда Замир байке машыктырат. — Дене-түзүлүшүңүз бир топ олбурлуу экен. Форманы сакташ үчүн эмне кыласыз же насилиңизден ушундайсызбы? — Өзүмдүн табиятым ушундай. 11-класста окуп жүргөндө эле салмагым 90 кг болчу. Ичимдин баарын май баскан эле. Кийин спорт менен машыкканда анын баары денеге булчуң болуп тарады. Азыр салмагым 100 килограмм. Беттешке эки күн калганда 93кө түшүрүп коем. Он күндүн ичинде салмакты түшүрүп же кошуп койсо болот. Биздин организм көнүп калган. Ал үчүн чуркап, көнүгүүлөр менен машыгып, майлуу, камыр тамактарды азайтып коебуз. — Спортто дагы канча убакыт болоюн деген оюңуз бар? — Мен спортто жашайм.

Булак: sputnik.kg

Последние новости