www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2019-жылдын 30-сентябрында Кыргыз Республикасынын ИИМдин Мамлекеттик адистештирилген күзөт кызматы башкы башкармалыгынын Ведомстволук милиция полкунун саптык майданында МАККББнын Ардагерлер кеңешинин төрагасы, милициянын отставкадагы подполковниги А. Бегалиев, жана бир катар ардагерлери милиция полкунун жаш кызматкерлери менен жолугушуп, өзүнүн мол тажрыйбасын, өз практикасында кызыктуу болгон окуяларын, ошондой эле жалпы ички иштер органдарынын кызматкелеринин жүрүм-турум эрежелерин, өзүнө бекитилген милдеттерин жогорку деңгээлде аткарылышынан гана Кыргыз Республикасынын жарандарынын ишенимин арттыруу болоорун белгилешти.
МАККББнын Ардагерлер кеңешинин төрагасы Айтбек Багалиев “Азыркы учурда, Кыргыз Республикасынын ИИМдин жана МАККББнын жетекчилиги тарабынан кызматкерлердин социалдык коргонуусу багытында бир топ маселелерди чечип келүүдө, 2020-жылдан баштап Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө” Мыйзамы күчүнө кирет, бул болсо милиция кызматкерлеринин укуктук жана социалдык корголушун бир кыйла деңгээлде жогорулатаарын” – өз сөзүндө белгиледи.
Жолугушуунун жүрүшүндө, МАККББнын Ведомстволук милиция полкунун өздүк курамы ардагерлерге көйгөйлүү болгон суроолорун берип, жооп ала алышты. Ардагерлер жыйынтыктоочу сөзүндө полктун өздүк курамына алдыда турган кызматтарына жана жумушуна ийгиликтерди жарата беришин каалап кетишти, деп билдирди ИИМдин МАККББнын Басма сөз кызматы.
Булак: NazarNews.kg