www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Канат Сагымбаев милдетин так аткарган жоокер экенин айылдаштары айтып чыгышты. Тагыраагы, бүгүн 30-сентябрда Жети-Өгүз районунун Ак-Дөбө айылында, Алмазбек Атамбаевдин жан сакчысы Канат Сагымбаевди колдоо митинги болуп өттү. 

Кыздын сыры төркүнүнө маалым демекчи, Канаттын бир мүнөздүүлүгүн, аны жакшы билген айылдаштары айтып жатышты. Учурда Ак-Дөбө айылында Канатка таасирленген жаш муун өсүп келе жатат. Сагымбаевдин камалышы аларга терс таасирин тийгизбеши керек. 

Көпчүлүктүн пикиринде, УКМК башына келген Опумбаев туура эмес, логикага сыйбаган тапшырмаларды берип жатат. Жөнөкөй өз милдетин аткарып жүргөн жоокер Канат Сагымбаевдин ишин саясатташтырып, аны мурдагы президенттин жан сакчысы болгон үчүн эле камоо туура эмес.  Карапайым айылдаштарынын белгилөөсүндө, эгер саясий интригалар менен бир жоокер камалып кете турган болсо. Улуттук гвардияда жана деги эле аскер кызматын өтөгүсү келген,  башка катардагы жигиттердин ынтызарына суу себилет. Аскерге деген кызыгуу таркайт.

Эске сала кетсек,  Канат Сагымбаев 24-сентябрь күнү кармалган. Анын үстүнөн Кылмыш-жаза кодексинин төрт беренеси ("Массалык башаламандыкты уюштуруу", "Адам өлтүрүү", "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" жана "Иликтөө иштерине тоскоолдук кылуу") боюнча кылмыш иш козголгон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости