www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Президенти С. Ш. Жээнбековдун Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин 25 жылдыгына карата КУТТУКТООСУ

«Урматтуу мекендештерим!

Эгемендүү Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин кабыл алынгандыгына 25 жыл толду.

Мамлекеттик герб — мамлекеттүүлүгүбүздүн жогорку символу катары, чейрек кылымдан бери элибиздин азаттыгын, мамлекетибиздин көз карандысыздыгын даңазалап, дүйнөгө таанытып келет.

Кыргыз Республикасынын гербинин мааниси-Кыргызстандын эли үчүн өтө ыйык жана кымбат. Ал тарыхыбызды, бүгүнкү биримдигибизди, келечекке болгон умтулуубузду чагылдырып турат.

Мамлекеттик гербдин чок ортосунда Айкөл Манас атабыздын Ак шумкары элибизди, жерибизди, мамлекеттүүлүгүбүздү өзүнүн ыйык канатына калкалап, коомубуздун ынтымагын көздүн карегиндей сактоого чакырып турат.

Азыркы учурда өлкөбүз дүйнөгө мамлекеттик туусу, гимни жана герби менен кеңири таанылды.

Мамлекеттик герб — улуттук сыймыктын жана ар-намыстын башкы атрибуту катары Кыргызстандын эли менен түбөлүккө жашай берет!

Бүгүн гербдин авторлоруна жана гербди жактырып, кабыл алган „легендарлуу парламенттин“ депутаттарына ыраазылык билдирем.

Жалпы кыргызстандыктарды, сыртта жүргөн мекендештеримди, эркин өлкөбүздүн ар бир жаранын Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин күнү менен куттуктайм!

Ыйык мекенибизди, ынтымактуу элибизди, сүйүктүү жергебизди Жараткан өзү колдосун!»

Булак: NazarNews.kg

Последние новости