www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Экономика жана финансы министрлиги Баткендеги кыргыз-тажик чек ара жаңжалында жапа чеккен салык төлөчүлөргө жардам көрсөтүү максатында токтом долбоорун коомдук талкууга алып чыкты.

Документке ылайык, жабыркаган ишкерлерге салык жагынан жардам көрсөтүү сунушталууда.

Бул аймакта жабырлануучу катары таанылган ишкерлерди ушул жылдын 1-апрелинен 31-декабрына чейин киреше салыгы, пайда салыгы, кошумча нарк салыгы, сатуудан түшкөн салык, милдеттүү патенттин негизиндеги салык, ыктыярдуу патент салыгы жана бирдиктүү салыктан бошотуу сунушталууда. Бирок бул шарттардын тоо-кен иштетүү, акцизге караштуу топко кирген товарларды өндүрүү жана нефть иштетүү менен алектенгендерге тиешеси жок.

Анткен менен алар 1-октябрга чейин банктын кепилдиги жок эле салыкты төлөө мөөнөтүн жылдыруу боюнча өтүнүч кат менен кайрыла алат. Мындай учурда төлөө мөөнөтү бир жылдан ашпаган убакытка жылдырылышы мүмкүн.

Ошондой эле бул топко кирген салык төлөчүлөр 2021-жылдын 1-апрелинен 30-сентябрына чейин топтолуп калган камсыздандыруу боюнча төлөмдөрүнүн мөөнөтүн жылдыртуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот. Ал үчүн салык органдарына арыз менен кайрылуу зарыл.

Аларга отчётторду тапшыруудагы документация иштери боюнча бир катар жеңилдиктер берилет.

Мындан тышкары, 1-апрелден 1-октябрга чейинки аралыкта камсыздандыруу төлөмдөрүн өз убагында төлөбөгөндүгү үчүн туум чегерилбейт.

Токтом долбоорунда көрсөтүлгөндөй, бул нормалардын жабыркаган аймактан тышкары жайгашкан ишканалардын филиалдарына тиешеси жок.

Жергиликтүү бийликке жабырлануучу катары таанылган жарандарды жер салыгынан жана кыймылсыз мүлк салыгынан бошотуу сунушталат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости