www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

- АКШ аскерлерин Афганистандан чыгарып кеткенден кийин талибдер күч алып, Борбор Азия өлкөлөрүнө коркунуч жаратышы мүмкүн экени айтылууда. Алардын Кыргызстанга болгон таасири кандай болушу ыктымал?

- Талибандардын учурда активдешип аткан себеби, АКШ өздөрүнүн аскерлерин алып чыгып кетти. Бирок, “Борбор Азияга кирип келет, кол салат” дегендер чындыкка анча коошпойт. Талибандар афган аскерлерин Тажикстан тарапка сүрүп чыгарышы эмнени билдирет? Аларга каршы “Түндүк Альянс” деген уюм бар болчу.

Эгер талибдер бийликке келсе, ошолор аркылуу Өзбекстан менен Тажикстан каршылык көрсөтүшү мүмкүн экенин билишет. Ошон үчүн алар өз багыттарын чыңдап атышат. Ал эми Кыргызстанга алардын эч кандай дооматы деле жок. Алар Афганистанда бийликке келе элек. Бийлик үчүн күрөш алдыда. Азыркы афган өкмөтү жөн эле бийликти бере койбойт. Ортодо дагы жарандык согуш чыгат. Талибдер бийликке келген күнү деле өздөрүнүн мамлекеттик түзүмүн чыңдоого аракет кылышат. Көп маселелер бар. Афганистанда бийликке жете албай жатып, Борбор Азияга кол салып эмне кылат?

- Бирок мындай маалыматтардын чыгышы деле жөн жерден эместир?

- Бул боюнча кимдер айтып жатканын түшүнүп жатабыз. Алардын максаты – Борбор Азия мамлекеттерин талибандарга каршы коюу. Бирок, талибандар кандайдыр бир диний башкаруудагы мамлекетти курууну көздөгөн уюмдарды колдошу толук мүмкүн.

- Ал эми АКШ базасын Кыргызстанга киргизүүгө уруксат берилсе кандай болмок?

- Анын бизге көп ыңгайлуу жактары бар. Ошондо бизде геосаясый баланс түзүлөт. Жалаң эле бир күчтүн көзүн карабайт элек. Кыргызстанга болгон эл аралык мамиле да өзгөрмөк.

- Президенттин Тажикстанга болгон сапары эл ичинде бир топ сынга кабылып, ар түрдүү пикирлер айтылды. Башында президент Тажикстанга барбай турганы айтылып, кийин өзгөрүп кетти. Эмне Эмне себептерден улам? Ал визиттен бир майнап болобу?

- Эми болору болду. Президент барды. Барууга себеп катары божомолдор бар. Путин менен жолугушуп келди. Андан кийин Кыргызстанга Россиянын өкүлү келип кетти. Булардын баары “маселени барып чечкиле” деген көрсөтмө болгону жөнүндөгү божомолдорду далилдеп турат. Эми баргандан кийин бир маселе чечилдиби? Кеп ошондо. Эки тараптын жолугушуусунда оозеки сөздөр айтыла берет. Бирок, жок дегенде чек араны чечүү боюнча меморандумга кол коюлса жакшы болмок.

- Чек араны тактап, чечип алууга эмне тоскоолдуктар бар?

- Чек ара маселесин эки өлкө эчак эле чечип алмак. Бирок, буга каршы күчтөр арбын. Алар – наркобарондор. Такталбаган чек ара тилкесинен наркотранзит оңой эле өтөт. Буга кошумча, эки тараптын тең эле бийлик бутагындагылар аралашкан. Ушуга окшогон маселелер эрегишти күчөтүп атпайбы.

- Азыркы бийликтегилерден да барбы?

- Болушу мүмкүн. Бирок, азыр аны токтотобуз деген чечкиндүү кадамдар жасалып жатпайбы.

Булак: Азия News гезити

Последние новости