www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Тамадалык кесипти аркалаган Эшенкул Барпиев деген мырза тойлордун катыгын берип, элдин жакшылыгына ортоктош болуп келе жатканына көп болду. «Сөзгө сөзү өрүлгөн, сөөлөтү мыкты көрүнгөн» Эшекебиз турган турпаты менен шер экен, өңгөлөрдөй болуп кызганыч артында өнөрүн жеке өзү гана өркүндөтпөстөн, жаш муунга өткөрүп берүү максатында «Тамадалар мектебин» түзүп алып, бир топтон бери маңдай терин төгүп жаткан чагы. Бул үчүн алкыш айтсак аздык кылат.
Бирок, агабыздын тилеги жакшы болгону менен кашайып эки көзүн май басып калганбы ким билсин, мектепти бүткөндөргө берилген эки барак сертификатта ири катаачылыктарга жол берип, «бутуруучусу», «кочосу» деп жаздырып туруп кол коюп бериптир. Шалаакылыкпы? Бул кыргыз тилин келекелеп, шылдыңдаганга барабар да. Башкасын айтпаган күндө да, кыргыз тилин даңазалай турган журт жакшылары минтип кыргыз тилине кайдыгер мамиле жасап, тебелеп-тепсеп жатса кимге таарынабыз?
Кытай, уйгур, дуңгандарга таарынабызбы? Же Эшенкул мырза үчүн «Ө Ң Ү» анча мааниге ээ эмеспи?!
Булак: "Де-Факто"