www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Улукбек Марипов Түркия Республикасынын Палаталар жана товардык биржалар бирлигинин (Türkiye Odalar ve Borsalar Birliği – TOBB) президенти Рифат Хисарджыклыоглу жетектеген делегация менен жолугушту.

Улукбек Марипов белгилегендей, кыргыз тарап кыргыз-түрк мамилелерин өнүктүрүүгө өзөчө маани берет, анткени Түркия Республикасы Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө олуттуу салымын кошууда.

«Бүгүнкү күндө республика жетекчилигинин артыкчылыктуу милдеттеринин бири катары инвесторлор үчүн шарттарды жакшыртуу болуп саналат. Тилеке каршы, эки өлкө ортосундагы товар жүгүртүү эки тараптуу соода-экономикалык кызматташтыктын реалдуу мүмкүнчүлүгүнө дал келбейт. Жалпы максатка жетишүү үчүн биздин өлкөлөр, ириде биргелешкен инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруусу керек», - деди ал.

Министрлер Кабинетинин Төрагасы кошумчалагандай, Чолпон-Ата шаарында үстүбүздөгү жылдын 8-9-июлунда өтүүчү эки тараптуу соода-экономикалык кызматташтык боюнча Өкмөттөр аралык комиссиянын X кеңешмесин өткөрүү алкагында түрк компаниялары жана ишкерлери Кыргыз-Түрк бизнес-форумунун ишине активдүү катыша алат.

Өз кезегинде TOBB президенти Рифат Хисарджыклыоглу делегация мүчөлөрү менен тааныштырды, анын катарында айыл чарба, текстилдик жана тамак-аш өнөр жайы, энергетика, туризм, тоо кен өндүрүү жана курулуш тармактарындагы ири компаниялардын жетекчилери бар.

Рифат Хисарджыклыоглу билдиргендей, түрк тарап мындан ары карай дагы эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө, тактап айтканда, товар жүгүртүү жана инвестициялар деңгээлин жогорулатууга, ошондой эле өлкөнүн өнүгүүсү үчүн өнөр-жай потенциалын кеңейтүүгө кызыкдар.

Мындан тышкары, түрк делегациясы келечекте өлкөдөгү кичи жана ири гидроэлектростанцияларды куруу жаатында кызматташууга даяр экендигин билдирди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости