www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

УКМК: Кыргыз-тажик чек арасында абал туруктуу

Кыргыз-тажик чек арасында абал туруктуу. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан кабарлашты.

Маалыматка караганда, 14-майда кыргызстандык чек арачылар коңшу мамлекеттин тургунунун турак жайы өрттөнүп жатканын көрүп калган. Мындан улам Кыргызстандын Баткен облусундагы чек ара өкүлү менен Тажикстандын Исфара районундагы чек ара өкүлү телефон аркылуу сүйлөшкөн. Тажикстан тарап жарандар менен жоокерлердин коопсуздугу үчүн тилсиз жоо чыккан аймактан КРдин аскер кызматкерлерин алыстатуу өтүнүчүн келтирген.

"Кыргызстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматы Тажикстандын расмий органдарын тажик жаранынын үйүндө чыккан өрт боюнча объективдүү тергөө жүргүзүп жана мыйзамсыз иш-аракеттерге Кыргызстандын жарандарынын тиешеси бар делген жалган маалыматтардын тарашына бөгөт коюга чакырат", — деп жазылат маалыматта.

Ошондой эле 15-майда Баткен районунун Кара деген аймагында эки мамлекеттин чек ара заставаларынын жетекчилери жана чек аралаш аймактын айыл башчылары жолугуп, чек арага жакын жерде жаңы отургузулган мөмөлүү бактардын кыйылышы боюнча тажик ЖМКларына чыккан маалыматтарды талкуулашкан. Жыйынтыгында тажик тарап белгисиз адамдар тарабынан бак кыйылды деген фактыны далилдей алган эмес.
 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости