www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Совет мамлекети жаңы орноп жатканда ата-энесинен алыска чыкпаган кыргыз кыздарына салыштырмалуу татар кыздары илим-билимдүу келип, кыргыздын интеллигент, алдыңкы жаштары татар кыздарына көп үйлөнүшө турган. Атасы кыргыз, энеси татар Чынгыз Айтматов буга мисал боло алат. Кийин кыргыз кыздары да билимге жетишсе да кээ бир кыргыз жигиттери татарга үйлөнүшкөн буга Фарид Ниязовдун энеси, Раиса Атамбаевалар мисал боло алат.
Саяктын кулуну деп жүргөн Абтандил Кулбараков суу кошпогон кыргыз, суперсаяк. Бекер жерден 2017-жылы президентке талапкер Жээнбеков өз ишин ырымдап Жумгалдан баштаган эмес. Эмне үчүн Илдузович? Кулбарак деген оокаттуу киши болгон, бирок тукумсуз экен, Куйручук өтүп баратып уулдуу бол деп бата берип кетет. Анан ырымдап уулдуу болсоң атын башка улуттун атын кой деп кетет. Батадан бала төрөлүп, атын татарча “Илдуз” деп коюшуптур. Ошол үчүн Абтандилдин атасы Илдуз болуп калган.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, «NazarNews.kg»