www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өкмөт Кумтөр алтын кенин иштеткен «Centerra Gold» компаниясы менен Стратегиялык келишимдин күчүнө кирүү шарттары боюнча мунаса тапканын жарыялады.

Маалыматта: буга чейинки каралган шарттардан тышкары "Центерра Голд" кыргыз тарапка кошумча төлөмдөрдү төлөөгө макул болгону айтылат. Анын ичинде компания тарабынан жаңы түзүлгөн.

Аймактарды өнүктүрүү боюнча социалдык өнөктөштүк фондуна 5 млн. доллар өлчөмүндө бир жолку төлөм, 12 айдын ичинде дагы 5 млн. долларга бир жолку төлөм, бул фондго «Kumtor Gold Company» компаниясынын дүң кирешесинин 0,4% эквиваленттүү чегерүүлөр төлөнөт. Ал эми Жаратылышты өнүктүрүү фондуна 1 миллион доллар өлчөмүндө жыл сайын төлөм жана Кумтөр кенинде эки жылдын ичинде 16 миллион доллардан кем эмес суммада геологиялык чалгындоо программаларын каржылоо жүргүзүлөт.

Кумтөр боюнча айлана-чөйрөнү коргоо жана инвестицияны өнүктүрүү деп аталган стратегиялык келишимге 2017-жылы Сапар Исаков премьер-министр болуп турган учурда кол коюлган. Анда «Центерра Голд» Айлана-чөйрөнү коргоо фондун түзүүгө 50 миллион доллар бөлүп, жыл сайын төлөнчү экологиялык төлөмдү 310 миң доллардан миллион долларга көтөрүүгө макул болгон. Буга жооп катары Кыргыз өкмөтү «Центерра Голдго» карата берген экологиялык доодон баш тартмак.

Жаңы шартка ылайык, кыргыз өкмөтү соттук доолордон баш тартабы — азырынча белгисиз. Чынында жаңы келишимде көрсөтүлгөн бул 27 миллион доллар жалпы коомчулук көптөн күткөн жакшы жыйынтык эмес. Кыргыз өкмөтү дагы эле «далдырап» Кумтөрдүн алтынын казып жаткан «Центтерага» алданып, жемин жедирип жатат, - дейт "Багыт.kg" гезити.

Булак: NazarNews.kg  

 

Последние новости