www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Аскер прокуратурасы Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) төрагасынын орун басары Кундуз Жолдубаеванын үйүндө тинтүү жүргүзүп жатат. Бул тууралуу «Азаттыкка» Жолдубаеванын адвокаты Замир Жоошев билдирди.

Ал эми Кундуз Жолдубаева тинтүү ички иштер министринин (ИИМ) мурдагы орун басары Курсан Асановго козголгон кылмыш ишине байланыштуу болуп жатканын айтты.

Аскер прокуратурасы Курсан Асановго «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренеси менен иш козгоп, тергеп жатат.

13-августта премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Асановду кызматтан алган. Ага Ички иштер министрлигинин Ички иликтөө кызматы 7-8-августта Кой-Ташта Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясында «милициянын кызыкчылыгын саткан жана ага карата ишенимдин жок» деп чыгарган чечими себеп болгон.

Асанов ага коюлган айыптарды толугу менен жокко чыгарып, ал жеке кызыкчылыкты мамлекеттик кызыкчылыктан жогору койбогонун жарыялады. Ал 7-8-август күндөрү Кой-Ташта Алмазбек Атамбаевди кармоо операцияларына катышкан, деп "Азаттык" жазып чыкты.

Эске салсак, 2019-жылдын 10-август күнү Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун токтомунун негизинде К. Жолдубаеванын  уюлдук телефондору  сотко чейинки өндүрүшкө маанилүү болгон маалыматтарды аныктоо жана алуу максаттында текшерүүгө алынган. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости