www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Шайлоо мыйзамдарына БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова бир топ өзгөртүүлөрдү кийирген. Президент Сооронбай Жээнбеков 2019-жылдын 27-июнунда Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган Кыргыз Республикасынын мыйзамдар топтомуна кол койду.
Кабыл алынган мыйзамдар Кыргызстандын шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүүгө багытталган жана бир нече мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүүнү карайт. Алардын ичинде президентти, парламентти шайлоо, референдум жөнүндө, жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо, жергиликтүү өз алдынча башкаруу, жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу, борбордун статусу жана Ош шаарынын статусу жөнүндөгү мыйзамдар бар.
Аталган мыйзамдар Туруктуу өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин 2018-жылдын 13-августундагы VII жыйналышында кабыл алынган 2018-2020-жылдарга Кыргыз Республикасынын шайлоо боюнча мыйзамдарын өркүндөтүү стратегиясында каралган милдеттерди ишке ашыруу максатында жумушчу топ тарабынан иштелип чыкты.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, «NazarNews.kg»