www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыздарда тың жигиттер көп. Бирок, эртең бийликке келип, элге жакшылык кылып бизге жамандык кылбасын деп бийлик алардын көздөрүн тазалап коюшат.  Мындай көрүнүштү Насирдин Исановдун, Бекмамат Осмоновдун, 20-июлда көзү өткөн Мухтар Өмүракуновдун белгисиз себептерден улам бул дүйнөдөн кеткендери айтып турат. Мухтар Өмүракуновдун алалы ал эс алып жүргөн жеринен мухитттин толкундары алып кетип күм-жам болду. Эмне себептен жалгыз аны мухитттин толкундары алып кетти? Муну бир билсе «БИЕК карго» фирмасы же биздин ар кимдин койнунда жатып, өлтүрүүгө чейин барган атактуу эстрада ырчысы билер. Эстрада ырчысынын аты –жөнүн бары эле битлет, бул заказ менен киши өлтүрүп, өзү бүгүнкү күндүн жылдызына айланып, элди имергиси келет. Мухтар Өмүракуновдун бардык таламдаштарды бириктирем деген патиясы талаада калып,анын ордун Жеңиш Молдокматов баскан, бирок ал анын жолун улап кете албады.

Алмустактан бери бул дүйнөдөн кимдер өтпөгөн. «Армандуу дүнүйө»-деп адамзат жаралгандан баштап айтылып калган окшойбу! Миң жыл жашап, өлгөндү тирилткен Улукман бабабыз өткөн. Айтылуу  ак таңдай акын Балык:

Казак-кыргыз  кол курап

Тагай өткөн болучу.

Калмактарга кол салган

Далай өткөн болучу.-деп айткандай миң жылдаган тарыхыбызда нечендер өзүнүн өлбөс-өчпөс издерин калтырып, келбес сапарына кете  беришкен. Атпай журту ысымдарын аздектеген улуу инсандардын арбактарына кай убакта болбосун таазим этип, эскерип туру бул тирүүчүлүктө парз белем. «Аттиң, дүнүйө»-дейт экенбиз Мухтар эске түшкөндө, жаштайынан кыргыз эли үчүн опол тоодой жүк көтөрүп, намыс үчүн билегин түрүнүп тура турган жигитибиздин билиги өчүп калды. Мухтарда даанышмандык да, айкөлдүк да, акыйкат үчүн тайманбай күрөшкөн эр жүрөктүүлүк сапаты да бар эле. Мухтар муңкурап жүргөн чет элдеги кыргыздардын муңун бөлүшүп, башын бириктирип, мамлекет жасай албаган зор иштерди мойнуна алып, жаны тынбай тызылдап иштеп жүрдү. Канжыгага баш байлап, караңгыда жол тапкан Мухтар мындай иштерге топ ичинен суурулуп чыккан күлүктөй шыр эле аттанды. Тагдырдын  оомал-төкмөл кезеңдеринде оокат кыла албай тентип жүрүшкөн кыргыз жаштарына калканч болуп, «Телиген таптап куш кылган, тентиген элди журт кылган» Айкөл Манастай эр азамат болгон. Тагдыр ага алптын жүгүн артып, катаал сыноолорго да кабылта берген. Ошондой олоң жетпес эрендин ойлогон ой, асыл мүдөөсүнө жеткизбей күлгүн курагында оопат болгону кимдин жүрөгүн сыздатпайт.

Ниети тунук адамдарды «Кристаллдай таза адам» деген сөз бар эле.Ошол түшүнүк Мухтар +мүракуновго айтылгандай сезилчү. Анын жайдары жүзү кайгы-кападан кабар берчү эмес. Мухтардын  жан-дүйнөсү бай, пейили кенен, шардыгы менен жолдошторунун арасында суурулуп турган жүрөгү таза жигит болгон. Адамдын көңүлүн калтырбаган, улууга урмат, кичүүгө ызаат кыла билген, адамкерчилиги артыкча, абдан боорукер, кыйналып тургандын жанынан кыя өтпөгөн жапакеч жан эле. Тагдыр менен талаша албайбыз, өлүм бардыгынан улук, барыбыздын башыбызга келет. Бирок, адамдын артында жакшы аты  калса андан өткөн бакыт жок. Мухтардын эл-журту үчүн алдыда жасай турган албан-албан иштери бар эле. Аттиң, өксүк өмүр!...

 Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости