www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Терини кайра иштетүүчү ишканасын тарттырып жиберген ишкер Варис Абдуллаев жана анын өнөктөштөрү Жогорку Кеңештин Дүйшөн Төрөкуловдун камалышын талап кылышууда. Бул тууралуу алар бүгүн, 16-июлда маалымат жыйында билдиришти.

--“Менин ишканамды тартып алган Жогорку Кеңештин депутаты Дүйшөн Төрөкуловдун УКМКга түшүнүк кат жазып үй камагына чыккан. Бирок азыркы күнгө чейин жыйынтык жок. Ал бизге жолукканда мен “баарын колума алып алгам, билгениңди кылып ал” дегенсип ишканамды кайтарбай жатат. Ошондуктан УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылам бир жолу камап, ишкананы кайтарып анан чыгарышы керек.

Кыргызстанда ушуларга окшогон “каралар” бирөөнүн ишканасын, буюмдарын тартып алып, менчиктеп алышса ишкерлик кылгың келбей калат экен. Депутатмын, эч нерсе кыла албайсың деп жатат. Бул адамга карата мыйзамдуу чара көрүлсүн. Андыктан Садыр Жапаровго, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге жана тиешелүү органдарга кайрылам, акыйкат чечим болсун”, - дейт Бишкек шаарынын тургуну.

Ал эми ишканасын тарттырып жиберген жаран Варис Абдуллаевдин келинчеги Чынара Жамгырчиева депутат тарабынан коркутуу болуп жатканын айтып даттанды.

--“Жогорку Кеңештин депутаты эгер ишкананы кайтарып алгыңар келсе, эл алдында мени “күнөөсүз”деп актап берсеңер, азыр Ошко барып, ишкананы силерге өткөрүп бергенге даярмын. Телеканалдар аркылуу чыгып мени элге мактап, актап беригиле. Мен азыр дагы эл өкүлүмүн. Келээрки шайлоого дагы катышып, депутат болуп барам” деп жатат. Азыр бизге ишканабызды кайрып берсин.

Бул депутат канчалаган адамдарды ыйлатты. Анан кантип эл өкүлү болуп отурат. Жарандардын укугу бирдей, өзүн бизден өйдө коюп, биздин укукту тебелеп жатат. Биз Төрөкуловдун камалышын талап кылабыз”, - дейт Жамгырчиева.

Ал эми Ош шаарынын тургуну Таалайбек Нурматов ишкер Варис Абдуллаев менен өнөктөш болуп ишкананы чогу баштагынын айтат. Бирок башкалардан жабыркап, ушул күнгө чейин акыйкат издеп, таппай келээрин кошумчалады.

--“Биз Ош шаарында ишкер Варис Абдуллаев менен биргеликте чоң ишкана ачып, малдын терисин кайрадан иштетип баштадык. Канча миллон доллар акча салдык. Апама, балдарыма тамак алып бербестен, ичирбестен, акчамды ушуга жумшадым. Аягында кылмышкерлерге, чоң муштумдарга таттырып жибердик. 2004-жылдан бери акыйкат издеп келебиз. Укук коргоо органдары биздин үнүбүздү угуп дагы коюшкан жок. Мына быйыл Жантай Шаменов менен Дүйшөн Төрөкуловду камап, кайрадан чыгарып коюшту. Бул депутат канчалаган адамдарды ыйлатып, кантип боштондукта жүрөт? Биздей адамдарды кыйнап, жеп жаткан нанын тартып алып кантип эл өкүлү болуп отурат? Азыр Садыр Жапаровго кайрылам, Төрөкулов камалсын”, - дейт жабырлануучу.

Ошондой эде терини кайра иштетүүчү ишкананы тарттырып жиберген Варис Абдуллаевге жардам берип, калыс сөзүн айтууга барган Айдар Шамырзаев дагы уур-токтоктон катуу жабыркаган. Бул тууралуу маалымат жыйында анын жубайы Махабат Карагулова айтып чыкты.

--“2007-жылы менин жолдошум Айдар Шамырзаев Ош шаарындагы терини кайра иштетүүчү заводго барыптыр. Ал “бул маселеге чекит коёюн” деп калыс сөзүн айтканга барса азыркы депутат Дүйшөн Төрөкулов 40тан ашык бала менен барып, катуу сабап салышыптыр. Жолдошум ошондо эсин жоготуп койгон. Эти жанчылып, сөөктөрү сынып кеткен. Ал ошондо бир жыл кыйналып араң өзүнө келген. Кийин оорунун айынан 2011-жылы каза болуп калды”, - дейт Карагулова.  

Укук коргоочу Таалайбек Айдараов бул иште депутаттын эле эмес УКМКнын жана сот, прокуратурада иштегендердин катасы бар экенин айтат.

--“Мен ушул жашка чейин канчалаган адамдардын укугун коргоп жүрөм. Бирок ушундай оор, акыйкатсыз ишти көргөн эмесмин. Себеби, кыргыз жараны Варис Абдуллаевди Кытайга алып барып, талаага таштап коюшкан. Кайра Кыргызстанга алып келип, кыйнашкан. Мунун баары мыйзамсыз иш болуп, бул жаран акталган. УКМКнын жана прокуратура, сот тармагындагылар каталарын мойнуна алышкан. Тилекке каршы алар азыркы күнгө чейин кызмат ордуларында отурушат. Буларга чара көрүлбөйбү? Ал эми Жогорку Кеңештин Дүйшөн Төрөкулов жазасын албай жыргап, боштондукта жүрөт. Азыр тоок уурдаган адам дагы 5 жыл түрмөдө отурат”, - дейт укук коргоочу.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости