www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Камчыбек Ташиевдин баласы кандай кызматта? Кайрымдуулук кылып, маал-маалы менен айыл аралап калышат. Аларда акча кайдан? Мындай пикирин журналист Канышай Мамыркулова жазып чыкты.
«Абамдын аялы кандай кызмат аркалап жатат? Камчыбек Ташиевдин баласы кандай кызматта? Кайрымдуулук кылып, маал-маалы менен айыл аралап калышат. Акча кайдан дейм да. Башкалар деле ошентели дейт, өздөрүнөн артпай жатпайбы...
Бизде Президенттик кресло баш болуп бардык кызматтар үй-бүлөлөр үчүнбү же башкаларда деле ошондойбу? Кимдир бирөө кызматка келсе эле үй-бүлөсү, тууган-уругу көзгө илине баштайт. Жогорку Кеңешке депутат болгондордун балдары шаардык кеңештин депутаты болот же ушундай болуш керекпи?
Карапайым адамдардын үй-бүлөсү, бала-бакырасы, тууган-уругу тырмалап оокат кылып жүрө берет. Калың букара болуп жүрө бергенибиз маңдайга жазылган эле тагдырбы? «Кудай сүйгөн адам Падыша болот» деп аттыңар эле өткөндө. Ошондо калың эл «Кудайдан жөө качкандарбы» же кандай? Бөксө мээ адамга деле суроолор келе берет экен да. Мээлүүлөрдөн сурайын эле дегем. Тилдеп кетпей эле «кругозорумду» өстүрүп койгула, макулбу», - деп жазган Мамыркулова.
Булак: NazarNews.kg