www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Американын Global Finance каржы басылмасы дүйнө жүзүнүн эң бай жана эң кедей өлкөлөрүн аныктап рейтинг түзүп чыкканы маалым болду. Тизме боюнча Кыргызстан 148-орунга илиниптир. Өткөн жылга былтыркы көрсөткүчкө салыштырмалуу биздин өлкө 142-орундан 148-орунга тушуп алты позицияга артка жылган.
Биздин мамлекет эми Папуа Жаны Гвинеясы менен Жибути өлкөлөрүнүн ортосунда жайгашып калды. Рейтингди жүргүзүүдө басылма Бүткүл дүйнөлүк банк менен Эл аралык валюта фондунун маалыматтарына жана жан башына өндүрүлгөн ички дуң продукциясына таянат экен.
Аталаган басылмасынын маалыматына караганда, ар бир кыргызстандыкка 3467 доллар ички дуң продукция туура келет. Бул былтыркы көрсөткүчкө (3 581) салыштырмалуу 114 долларга аз. Борбордук Азияда Кыргызстанга салыштырмалуу Казакстан, Түркменстан, Өзбекстан байыраак деп саналган. Мунайга бай Казакстан 54-орунга илинсе, жаратылыш газын экспорттогон Түркменстан 73, кебез өндүргөн Өзбекстан 127-орунду ээлеген. Кыргызстандан кийин Тажикстан 153-орунда турат. Ал эми эң бай 10 өлкөнүн катарына Катар, Люксембург, Макао, Сингапур, Бруней, Кувейт, Ирландия, Норвегия, Бириккен Араб Эмираттары жана Сан-Марино кирген. Эң кедей өлкөлөрдүн катарына Борбор Африкалык Республикасы, Конго демократиялык республикасы, Бурунди, Либерия, Нигер, Малави, Мозамбик, Гвинея, Эритрея, Мадагаскар жана Коморы мамлекеттери илинген.
Булак: “Багыт.кж”