www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова «Тынчтык үчүн саякат» деп аталган Пекин маданият алмашуу борборунун төрагасы Шао Чаньчунь менен жолугушту.

Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдиргендей, тараптар Кыргыз Республикасынын аймагында коронавирус инфекциясына каршы вакцина өндүрүү боюнча завод куруу жана чөп-чардын негизиндеги кытай өндүрүшүндөгү дары-дармектерди колдонуу жаатында кызматташуу маселеси талкууланды.

Жылдыз Бакашова Кытай Эл Республикасына коронавирус пандемиясы учурунда өлкөгө үзгүлтүксүз көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди. Ал жагымдуу ишкердик чөйрөнү түзүү жана чет элдик инвесторлордун кызыкчылыктарын коргоо Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин артыкчылыктуу милдеттеринин бири экендигин белгиледи.

«Мамлекеттин саясаты ишкердүүлүктүн эркиндигин, ишкердик жүргүзүү үчүн туруктуу жана кепилденген шарттарды, ошондой эле жеке менчиктин кол тийбестигин камсыз кылуу принциптерине негизделген», - деди Жылдыз Бакашова.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости