www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстан 240 миллион доллар алат. Бул тууралуу Эл аралык валюта фондунун (ЭВФ) Бишкектеги кеңсеси билдирди.
Маалыматка караганда, карыз алуунун атайын укуктары (СДР) 170 миллион болсо, азыркы курс менен эсептегенде 240 миллион долларды түзөт.
Кечээ, 23-августта, Эл аралык валюта фондунун бөлүштүрүүчү-директору Кристалина Георгиева тарыхта эң ири СДРди бөлүштүрүү (650 миллиард доллар) күчүнө кирерин айткан.
"Бул нерсе дүйнөлүк экономикага чоң стимул болмокчу. Ал эми туура колдонулган учурда кризистен чыгып кетүүнүн уникалдуу жолу болуп калат", — деди ал.
Георгиева белгилегендей, СДРди бөлүштүрүүнүн арты менен мамлекеттер кымбатка турган ички жана тышкы карыздарын кыскартат.
Өлкөлөр СДРди бөлүштүрүүнүн алкагында берилген каражаттын жардамы менен улуттук экономикасын колдоп, кризис менен күрөшө алат.
"СДР мамлекеттерге Эл аралык валюта фондундагы квотасынын үлүшүнө жараша бөлүштүрүлөт. Демек, болжол менен 250 миллиард доллар өнүгүп жаткан мамлекеттерге берилет. Ал эми кирешеси аз өлкөлөр 21 миллиард долларга жакын алышат. Кээ бир учурда бул сумма ИДПнын алты пайызын түзөт", — деди адис.
ЭВФ экономикасы туруктуу өлкөлөрдү СДРди өз каалоосу менен муктаж мамлекеттерге өткөрүп берүүгө чакырат.
"Акыркы 16 айдын ичинде фондго мүчө мамлекеттер 24 миллиард доллар кредиттик ресурс берүү милдетин алышты. Анын ичинен 15 миллиард доллар өз авуарларынан жакырчылыкты кыскартып, экономиканын өсүшүнө колдоо көрсөтүү үчүн бермей болушту. Бул фонддун каражаты кирешеси аз мамлекеттерге льготалык кредит берүүгө багытталган. Бул башталышы гана, ЭВФ мүчө мамлекеттер менен ушундай шарттарды түзүп берүү боюнча иштей берет", — деди Георгиева.
СДР эл аралык валюталардан түзүлгөн. Ага АКШ доллары, япон йени, евро, фунт стерлинг жана кытай юаны кирет.
Булак: NazarNews.kg