www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

УКМК: Издөөдө жүргөн экс-депутат кармалды

УКМК алдамчылык беренеси менен КЖБРга катталган сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында издөөгө алынган Талас шаардык кеңешинин мурдагы депутаты Ж.С.ны кармады. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Ж.С. 2017-жылы чет элдик инвесторлорду алдап, материалдык мүлккө жана 7 млн сомдон ашык акчага ээ болгон. Андан кийин ИИМ тарабынан издөөгө алынган.

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун чечими менен, Ж.С. 18-октябрга чейин УКМКнын абагына камакка алынды.

Ж.С. деген инициалдарга Талас шаардык кеңешинин мурдагы депутаты Жоробеков Самидин Сагынбековичтин аты-жөнү туура келет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости