www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Садыр Жапаров ички иштер органдарынын алдына бир катар милдеттерди койду. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматынан билдирди.

Садыр Жапаров 24-августта, өлкөнүн Ички иштер министрлигинин коллегиясына катышты. Анда үстүбүздөгү жылдын биринчи жарым жылдыгындагы ыкчам иштердин жыйынтыгы чыгарылды.

Президент өлкөдө тынчтык жана тартип өкүм сүрмөйүн өлкө жетекчилиги тарабынан жасалып жаткан реформаларды, сунушталган экономикалык программаларды толук кандуу ишке ашыруу мүмкүн эместигин айтты.

"Милициянын иштеп жатканын катардагы жөнөкөй жарандан тартып өлкө жетекчилигине чейин сезиши керек. Коюлган талаптардын аткарылышын камсыз кылууну мен министрликтин жетекчилигинен талап кылам жана жеке өзүмдүн көзөмөлүмө алам", — деди Жапаров.

Ошондой эле ал ички иштер органдарынан төмөнкү багыттагы иштерди жүргүзүүнү талап кылды:

профилактика иштерин күчөтүү, калкка заманбап сервистик тейлөөнү калыптандыруу менен милицияга болгон ишенимди арттыруу;

жарандарыбыз менен тыгыз байланышта болуп, алардын арыз-муңдарын кунт коюп угуп, ар тараптуу жана толук чечүү;

кылмыштуулукка каршы күрөшүү алкагында эл аралык террористтик жана экстремисттик уюмдар тарабынан мүмкүн болгон коркунучтарды алдын алуу иштерине өзгөчө көңүл буруу менен иш-чараларын күчөтүү;

антка бекем турган, жогорку моралдык сапатка ээ кесипкөй кадрларды даярдоо менен милициянын жаңы образын коомго тартуулоо ишмердигин уюштуруу.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости