www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Украинаны эки бөлүккө бөлүү керек, алардын бири Орусиянын курамына кирет, деди Орусиянын ЛДПР партиясынын лидери Владимир Жириновский.
"Украинаны Галисия жана Кичи Россияга бөлүү - эң туура чечим. Русофобдор батыш бөлүгүндө чогулуп, борбору Львовдо беш миллион адамга Галисия мамлекетин түзүшөт. Бул өлкө НАТОго жана Европа Биримдигине кабыл алынышы мүмкүн. Ал эми Түштүк -Чыгыш Украинанын баары Крымдын жолуна түшөт. Башкача айтканда Россияга", - деп жазды саясатчы өзүнүн Telegram каналына.
Анын пикиринде, мындай учурда 25 миллиондон ашык калкы бар аймактар Орусияга кошулат. Жириновский бул схеманы "Украинаны тынчтандыруу программасы" деп атады: Киев мындан ары Москванын душманы катары чыкпайт жана тынчтыкка келет - Батыш да, Чыгыш да.
Булак: NazarNews.kg