www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

14-июлда тышкы иштер министринин орун басары Айбек Артыкбаев Кытай Эл Республикасынын Кыргыз Республикасындагы элчиси Ду Дэвэнь менен жолукту.

Тышкы иштер министрлиги билдиргендей, жолугушуунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын ортосундагы жүк ташуунун көлөмүн көбөйтүү маселесине өзгөчө көңүл бурулду.

А.Артыкбаев Токтогул ГЭСин модернизациялоого керектүү жабдууларды тез арада «Эркечтам» көзөмөл-өткөрүү пункту аркылуу Кытайдан Кыргыз Республикасына өткөрүүгө көмөктөшүүнү өтүндү.

Ду Дэвэнь кытай тарап ар дайым жардам көрсөтүп келе жатканын белгилеп, бул маселени чечүүдө максималдуу жардам көрсөтөрүнө ишендирди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости