www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда 2021-жылы электр энергияга болгон баа өзгөрүүсүз калат. Мындай чечим Садыр Жапаров менен тариф саясаты талкууланган жолугушуудан кийин кабыл алынганын энергетика жана өнөр жай министри Доскул Бермурзаев Tazabek басылмасына билдирди.

Анын айтымында, электр энергиясына болгон мурунку баа — 1 кВт/саатына 77 тыйын төлөнөт. Ал эми 700 кВт/сааттан ашканда 2 сом 16 тыйындан айланат.

Президент Садыр Жапаров 21-апрелде энергетика тармагынын ардагерлери жана энергетикалык компаниялардын жетекчилери менен болгон жолугушууда калк үчүн 700 кВт/с лимитти алуу боюнча маселени карап чыгууну сунуштаганын басма сөз кызматы билдирген.

Андагы сунуштарды карасак, чектөөлөрдү алып, жашоо шарты оор алыскы жана тоолуу аймактардын жашоочуларына электр энергиясын 1 сом 4 тыйындан сатуу, жашоо шарты жакшы үй-бүлөлөргө чектөөлөрдү алып салуу менен 1 сом 48 тыйындан сатуу сунушу бар экени айтылган.

Бирок суунун тартыштыгына байланыштуу колунда бар үй-бүлөлөргө кышкы мезгилдерде электр энергиясын пайдалануу 1000 Квт сааттан ашса 2 сом 29 тыйындан болсун деген сунуштар бар болчу. Бул бүгүнкү күндөгү электр энергиясынын өздүк наркы.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости