www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев коронавируска каршы вакцинанын тукумдуулукка тийгизген таасири тууралуу 5-10 жылдан кийин белгилүү болорун билдирди.

Ал учурда дүйнөдө эч бир окумуштуу мунун таасири тууралуу корутунду чыгара электигин белгиледи.

«Вакцина тукумсуздукка алып келеби же жокпу азырынча белгисиз. Балким, тукумдуулукту көбөйтүшү мүмкүн. Бул жаңы вакцина болгондон кийин эч ким билбейт. Дүйнөдөгү окумуштуулар бул боюнча корутундусун чыгара элек. Мен окумуштуу катары айтып коёюн, тукумдуулукка тийгизген таасири боюнча 5-10 жылдан кийин белгилүү болот. Бизде вакцинациялоо башталганына үч ай болду, кыздар төрөш үчүн тогуз ай өтүшү керек. Беш жылдан кийин статистиканы (төрөлгөн балдардын — ред.) көрүп анан айтышыбыз мүмкүн, ага чейин эч ким айта албайт», — деди Бейшеналиев.

Мындан сырткары, ал учурда Кытай жана Россия менен вакцина чыгаруучу биргелешкен завод куруу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын кошумчалады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости