www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстанда 12 жаштагы кыздын боюна өгөй атасынан бүткөнү ДНК-тест аркылуу аныкталган. Бул тууралуу бүгүн, 13-ноябрда АКИpress агенттигине «Демократиялык кызыкчылыктарды изилдөө борбору» коомдук фондунун башчысы Лариса Илибезова билдирди.
Анын айтымында, тергөөчүлөр мындан 2-3 жыл мурун 12 жаштагы кыз өгөй атасынан бала төрөгөнүн билдиришкен.
«Ал кыз өспүрүм куракта болгондуктан териштирүү иштери жүргөн. Ошондо өспүрүм бир жыл бою өгөй атасы сексуалдык кордук көрсөтүп келгенин айткан. Анын денесинде эч кандай жаракат болбогондуктан муну далилдөө кыйын болгон. Кыздын көрсөтмөсүнөн башка эч кандай далилдер жок эле. Жада калса кыздын апасы баш болуп, ал жалган көрсөтмө берип жатат деп ойлошкон.
Акыры 12 жаштагы кыз төрөгөндөн кийин ДНК-тест жүргүзүлүп, өгөй атасы күнөөлүү экени далилденген», - деди Л.Илибезова.
Анын айтымында, күнөөлүү өгөй ата тиешелүү жазасын алган.
Булак: "Turmush"