www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстандын наркологиялык мекемелеринде баңгизаттан көз карандуулук менен жабыркаган 8,5 миң адам жатат. Алардын ичинен болжол менен 6 пайызы аялдар экенин 2020-жылдагы маалыматка таянып Улуттук статистика комитети жазды.
Ага караганда, баңгизат пайдалангандардын 61 пайызы инъекциялык ыкма колдонушат. Негизинен булар героинден көз каранды. 31 пайыздан ашыгы кара куурай чегет.
Баңгизатты өлкөнүн бардык аймактарында колдонушат, бирок андан көз карандылардын көбү Бишкек, Ош шаарларында жана Чүй облусунда жашайт. Мунун кесепетинен Чүй менен Бишкекте баңгизатка байланыштуу кылмыш дагы көп болот. Тагыраагы, былтыр анын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө байланыштуу 1 110 кылмыш жана жорук катталса, алардын 23,2 пайызы Бишкекте, 22 пайызы Чүйдө болгон. Үчүнчү орунда Жалал-Абад (16,3 пайыз) облусу турат.
Эске салсак, бүгүн, 26-июнь, Баңгизатка жана баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүүнүн эл аралык күнү. Бул күн 1987-жылы БУУнун Башкы Ассамблеясынын ишмердүүлүгүн чыңдоо жана баңгиликтен арылткан дүйнөлүк коомчулукту түзүү чечкиндүүлүгүнүн далили катары негизделген.
Булак: NazarNews.kg