www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын нефтетрейдерлер ассоциациясы күйүүчү-майлоочу май рыногундагы олку-солку абалга байланыштуу "Азаттыкка" түшүндүрмө берип, бензин менен дизель майынын баасы кымбатташы мүмкүн деген жоромолу менен бөлүштү.

Ассоциациянын президенти Канат Эшатов билдиргендей, сентябрдын башында кыргызстандык компаниялар Орусиядагы заводдордон бензиндин тоннасын 700 доллардан алып турса, азыр 800-820 доллардан сатып алууда. Дизелдик отундун чыккан баасы мурдагы айда 600 доллардан болсо, октябрда 700-720 долларга чыкты. Бул Кыргызстанда келээрки айдагы бааларга таасир этет.

"Компаниялар азыр Орусияда келишим түзсө, куду ушул өскөн баалар менен түзүлүүдө. Алар алган күйүүчү майлар ошону менен эки аптадан кийин, башкача айтканда, ноябрдын баштарында келет. Натыйжада бензин менен дизелдин баалары азыркыга салыштырмалуу 8 сом 90 тыйындан баштап 9-10 сомго чейин көтөрүлөт. Ноябрдын башында аз-аздан кошулушу мүмкүн, бирок айдын аягында баа ушул көлөмдө өсөт", - деди ал.

Нефтетрейдерлер ассоциациясы мурдагы божомолунда күйүүчү-майлоочу майлар октябрда 1,0-1,5 сомго чейин баа кошоорун эскерткен. Соңку баалар көрсөткөндөй, бул жоромол туура болуп чыкты. Мунун алдын алуу үчүн бул тармактагы ишкерлердин уюму бензинге акциздик салыктын ченин убактылуу төмөндөтүүнү жана дизелдик отунду импорттоону кошумча нарк салыгынан бошотууну министрлер кабинетинен суранган.

Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, ушул күндөрү бензиндин А-95 үлгүсүн бир литри 61,50 сом, А-92 үлгүсү - 56,95 сом, А-80 үлгүсү - 54,19 сом, дизель майы 51,66 сомдон сатылууда.

Кыргызстандын нефтетрейдерлер ассоциациясына жалпы он чакты компания мүчө. Алардын ичинде "Газпромнефть-Азия", "Бишкек петролеум", "Роснефть", "Партнёр нефть" сыяктуу компаниялар негизги импортерлор. Өлкөдө ассоциацияга кирбеген ушул багыттагы дагы бир нече ишкана өз алдынча иш алып барат.

Кыргызстанда күйүүчү майга болгон жылдык керектөө 1 млн 300 миң тоннадан 1 млн 500 миң тоннага чейин. Быйылкы эсептер жылдын акырында аныкталат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости