www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Көзү азиз акын Темирлан Ормуков Бишкек шаарынын административдик сотуна Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешевге каршы доо арыз менен кайрылды. Бул тууралуу ал 24.kg агенттигине билдирген. Акындын айтымында, эл өкүлү БШКнын жумуш тобунун жыйынында Ормуков арызды Орусияда көптөн бери жашап, эч нерсе жаза албаган белгилүү бир Акбар Бейшалиевдин атынан жазганын айтып, ага жалаа жапкан.
"Бул жалган. Дал ушул Акбар Бейшалиев Борбордук шайлоо комиссиясына, Башкы прокуратурага жана УКМКга арыз жазган. Акбар Бейшалиев - «Майыптар кыймылынын улуттук альянсы» коомдук фондунун координациялык кеңешинин мүчөсү" - деп билдирди Ормуков.
Сот доо арызды кабыл алды. Азырынча угуунун күнү аныктала элек. Арыз берүүчүлөр материалдык компенсация талап кылбайт. Акбар Бейшалиев Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Дастан Бекешевдин акча чогултуп жатканына нааразы болду. Ал - бул мыйзамга каршы келет деп эсептейт.
Шайлоо 28-ноябрга белгиленген. Жогорку Кеңештин 54 депутаты пропорционалдык система боюнча (саясий партиялардын талапкерлеринин ачык тизмелери боюнча) бир округдан, 36 депутат бир мандаттуу округдардан мажоритардык система боюнча шайланат.
Булак: NazarNews.kg