www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Талибан" кыймылынын жоочулары Кабулдагы митингди чагылдырып жаткан журналисттерге кол салды. 21-октябрда 20дай аял баш калаанын көчөлөрүнө өз укуктарынын корголушун талап кылып, нааразылык акциясына чыккан. Алар "Иш, нан жана билим" деген ураандарды колдонгон.

Көп өтпөй, талиб жоочуларынын бири окуяны чагылдырып жаткан чет элдик журналистти кундагы менен чаап, андан соң тээп жиберген. Дагы бир башка жоочу журналистти бир муштаганын "Франс-пресс" агенттиги жазды. Маалыматка караганда, жыйынтыгында бери дегенде, митингди чагылдырып жаткан эки журналист жаракат алган.

"Талибдер аялдарды да, чет элдик, жергиликтүү журналисттерди да сыйлабайт", - деди акциянын уюштуруучуларынын бири Захра Мухаммади. Азырынча "Талибан" кыймылы бул окуя тууралуу комментарий бере элек.

Эл аралык коомчулук тааныган бийликти кулатып, августтун ортосунда өлкөн башкарууга келген "Талибан" кыймылы аялдардын укуктары шариятка ылайык сыйланаарын билдирген.

БУУ баш болгон бир катар укук коргоо уюмдары талибдер өз убадаларына турбай, аялдарга иштөөгө, ал эми кыздарга билим алууга мүмкүнчүлүк бербей жатат деп, аларды айыптап келет. Ошондой эле, Ооганстандын жаңы бийлиги сөз эркиндигин чектеп жатканы үчүн дагы сынга кабылып келет.

Ушул тапта Ооганстандагы 34 провинциянын бешинде гана кыздарга орто мектепке барууга уруксат берилген. Аялдардын көпчүлүгүнө жумушка барууга тыюу салынган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости