www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз киносунда өзгөчө жаңылык пайда болду. Тасма жаратуучулар видео камеранын жаңы үлгүсүн сатып алуу менен алпурушуп жатканда Кыргызстанда тек гана телефон менен кино тартылды.  Бул тууралуу NazarNews.kg маалымат агенттигине Курманбек Ниязбеков билдирди.

Кыргызстанда биринчи жолу Айфон 6s телефону менен толук метраждуу тасма тартылды жана ошондой эле режиссердун дебюттук тасмасы болуп эсептелет. Режиссер буга чейин  «Милдет» жана «Манкурт» аттуу кыска метраждуу тасмаларды тартып келсе, эми толук метраждуу тасманы калың элдин сынына койгону турат.

Тасманын мазмуну: Качандыр бир жылдары мектепте ата-энеси жок кароосуз кыз калып дайынсыз жоголуп кетет. Арадан бир топ жыл өтүп ал жерге убактылуу жашап туруу үчүн жаш үй-бүлө көчүп келишет. Бирок баягы кыздын өлүк же тирүү эмес болгон арбак жаш үй-бүлөнүн кызы менен ойногусу келет. Күндө кыз жаш келинге көрүнө берет», - деп кошумчалады Курманбек Ниязбеков.

Тасма 16-марттан баштап кино театрларга коюла баштайт.

Тасманын аталышы: «Мени менен ойночу»

Режиссеру: Актан Аскербек уулу

Оператору: Чынгыз Сулумбеков

Режиссердун жардамычы: Кубаныч Рысбек уулу

Оператордун жардамысы: Эржан Аракеев

Гример: Гулнара Эшалиева

Продюсери: Ажара Рахманова

Картинанын директору: Майрамбек Асанов

Ролдордо:

Кымбат Молдобекова

Ажара Рахманова

Актан Аскербек уулу

Турганбүбү Бообекова

Абдуалим Мамадалиев

Бактилек Таалайбек уулу

Кубаныч Рысбек уулу

Дастан Касымбеков

Анжелика Аскербекова

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости