www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда күйүүчү май кымбаттады

Кыргызстан мунай ташуучулар бирлиги 1-мартта күйүүчү майдын баасы тууралуу маалымат берди.

Аталган бирикменин аткаруучу директору Канат Эшатов басма сөз жыйында билдиргендей, өлкөдө 2021-жылдын январь айынан тарта бензин жана дизелдик күйүүчү майдын баасы 14% жогорулады.

Эшатовдун айтымында, буга дүйнөлүк базарда жана Орусияда күйүүчү майдын кымбатташы, Казакстандан мунайдын экспорту токтогону себеп:

"2020-жылга салыштырмалуу жыл башынан бери Кыргызстандагы девальвациянын көлөмү 21% өстү. Бул - Көз карандысыз өлкөлөрдүн шериктештигиндеги (КМШ) эң чоң көрсөткүч. Бизде сатылган товардын 80% ашыгы импорттолуп жатат. Ушундан улам күйүүчү майдын баасы өсүүдө. Мунай ташуучулар бирлиги абалды жөнгө салуу үчүн болгон запастарды колдонууда. Бирок баары бир дүйнөлүк баанын өсүшү жана сомдун кунунун түшүүсүнөн келип чыккан кымбаттоого тоскоол боло албай жатабыз".

Азыр Бишкектеги бензин сатуучу жайларда АИ-95 бензини 41 сом 90 тыйын, АИ-92 үлгүсүндөгү бензин 41 сом 30 тыйын, АИ-80 36 сом 90 тыйын болууда. Дизелдин бир литри 38, 90 тыйындан сатылып жатат.

Статистикага караганда, 2020-жылдын ноябрь айында АИ-95 бензини 36 сом 3 тыйын, АИ-92 бензини 31 сом 7 тыйындан сатылган. Дизел 33 сом 17 тыйын болгон.

Кыргызстанга күйүүчү май Орусия жана Казакстандан ташылат.

Мунай ташуучулар бирлиги билдиргендей, январь айынан тартып ушул мезгилге чейинки аралыкта дүйнөдө күйүүчү майдын баасы 67% көтөрүлдү.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости