www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мамлекеттик кадр кызматынын директору Абдырахман Маматалиев мамлекеттик кызматкерлерди ротациялоо башталаарын билдирди.

Анын айтымында, жергиликтүү бийликке туугандарынын колдоосу менен келип калгандар да бар. Бүгүнкү күндө жердешчилик деген маселе бар, аны моюнга алуу керек.

Ар бир акимдин, орун басарларынын ишмердигине баа берилип, мыкты иштегендер кызматта калат.

Иштей албагандарды аттестациянын жыйынтыгы менен иштен бошотууга сунуш киргизилет.

Ал эми мыкты иш алып баргандарды жогорку деңгээлдеги резервге киргизүү каралган.

«Маданият кызматкерлери тарабынан да резерв даярдоого болот. Алдыда министрликтер менен биргеликте тармактык резерв түзө баштайбыз», -  дейт Маматалиев.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости