www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Соттун төрайымы Гүлбара Калиеванын көптөгөн былык иштеринин бети ачылса да былк этип ордунан жылып койгон жок. Анын былык иштерин УКМК жетекчиси Камчыбек Ташиев көзгө сайып көрсөтсө да дым этип койбоду.

Жогорку Соттун төрайымы Гүлбара Калиевага айыпталуучунун өкүлү келип:

- Улуу урматтуу Жогорку сот, бизде эч күнөө жок, жок жерден жалаа жаап жатышат, - дейт.

- Сиздики туптуура! - дейт Гүлбара Калиева.

Жогорку Соттун төрайымы Гүлбара Калиевага айыптоочунун өкүлү келип:

- Улуу урматтуу Жогорку сот, айыпталуучулар күнөөнүн баарын танып жатышат, жакшылап иликтесеңиздер, чоң айыпка татыктуу, - дейт.

- Сиздики туптуура!  - дейт Гүлбара Калиева.

- Улуу урматтуу Жогорку сот, деги кайсыны туптуура, айыптоочуга да, айыпталуучуга да туптуура дедиңиз? - дейт УКМК жетекчиси Камчыбек Ташиев.

- Сиздики туптуура!  - дептир Гүлбара Калиева.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости