www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыздар кызык эле калкпыз, кайсы бийлик алмашпасын арзан «пиар» менен алектенип, убара боло беребиз. Эмне үчүн? Анткени баягы эле 30 жылдан бери келе жаткан кошоматчылардын айынан. Бүгүнкү Кыргыз улуттук опера жана балет театрынын аталышы өзгөртүлүшү коомчулукка терс пикир жаратты.

Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын аталышына өзгөртүү киргизилди, туура түшүнгүлө дегендей өкмөттүн сайты уялбай жазып чыкты.

Буларда мээ деген барбы? Абдылас Малдыбаев атындагы опера балет, В.И.Ленин ордендүү Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театры мамлекеттик мекемеси деп өзгөртүлдү. Маңкурттук!

Ленин качанда өлүп калганын жогорку келесоолор билбейби де Россияга жагынганы турабы? Бул кайдыгер кыргыздын ары жагы кандай болот экен…? Мынча бизге эмне болду? Каргыш тийдиби? Өлүмүш болгон Өкмөт «шымын» башына кийип алдыбы?

Эске сала кетсек, "2021-жылдын 22-февралындагы №57 токтомуна ылайык, "Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын" деген сөздөр "Абдылас Малдыбаев атындагы В.И.Ленин ордендүү Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театры" мамлекеттик мекемеси" деген сөздөр менен алмаштырылсын", - деп жазылат өкмөттүн токтомунда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости