www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШнын мурдагы президенти Дональд Трамп кызматтан кеткенден кийин биринчи жолу эл алдында сүйлөп, акыркы күндөрү АКШда болуп жаткан окуяларга карата өз пикирин билдирди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Трамп АКШнын азыркы президенти Джо Байденди сындап, АКШнын орус мунайына көз каранды экендигин айтты. Ошондой эле ал кийинки президенттик шайлоого катышуусу мүмкүн экендигин четке каккан жок. "Биз жолубузду улантабыз, али бүтө элек... Биз жеңебиз", - деген Трамп Орландодогу конференцияда.

Эске салсак, Джо Байден өткөн жылы ноябрда АКШда өткөн президенттик шайлоодо жеңишке жеткен. Бирок Трамп өзү жеңилгенин моюнга албай келет.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости