www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Акимдердин, алардын орун басарларынын кызмат ордуна жарыяланган конкурс боюнча маалыматтык компаниялар улантылат. Бул тууралуу Мамлекеттик кадр кызматынын директору Абдырахман Маматалиев билдирди.

Анын айтымында, конкурс боюнча атайын брифингдер уюштурулду. Президент, Өкмөт, Кадр кызматы ЖМКларга маалыматтарды жарыялап жатат. Ошол эле учурда социалдык тармактарга да бөлүшүлүүдө.

Мындан тышкары баардык облустарда семинарлар өткөрүлөт. Жеке менчик жана мамлекеттик телеканалдар аркылуу да конкурс аяктаганга чейин күн сайын маалымат берилип турат.

«Конкурс өтүп жатканда да кабар берип турабыз. Тагыраагы, конкурстун жүрүшү онлайн түрдө элге жеткирилет», — дейт Маматалиев.

Ал белгилегендей, аким жана алардын орун басарларын тандоодо экономикалык билимине да артыкчылык берилет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости