www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Митинг деп, Райымбек Матраимовду колдоп Ош шаарында чыгышкан маданияттуу, салттуу, түшүнүгү бийик, чыккан максаттарын ачык билишкен, адекваттуу элдин бийликке карата болгон талабын айтат. Мындай пикирин жарандык активист Шамурза Бөрүкулов өзүнүн Facebook баракчасына жазып чыкты.

«Митинг деген бул крышасы тайып калган желмогуз кемпирлерди көчөгө алып чыгып, аңкылдатып кыйкыртуу эмес. Митинг бул коррупция менен күрөш дешип алып, өлкөдө бир эле Райымбек Матраимов деген коррупционер бардай болуп, анын сүрөтүн көтөрүп алышып, бирок коррупция эмне экенин түшүнбөгөн батыштын шерменделеринин жүрүшү эмес. Митинг деп, Райымбек Матраимовду колдоп Ош шаарында чыгышкан маданияттуу, салттуу, түшүнүгү бийик, чыккан максаттарын ачык билишкен, адекваттуу элдин бийликке карата болгон талабын айтат.

Өздөрүнүн жийиркеничтүү жапайы аракеттери менен ар дем алышта борбор шаарды булгап жаткан Отунбаева баш болгон бүлүндүргүчтөр! Ордолуу Ошко барып, митинг кандай болушун үйрөнүп келгиле. "За одно" меймандос түштүк элинин коногу болуп сый көрүп да келесиңер.

Отунбаева жылаңачтарды музейге чыгарып алып: "урбанизация бул жакшынакай, нормальный, сонун жөрөлгө" деп мактап, ал эми урбанизацияны түшүнбөгөн айылдыктарды "мырктарга" чыгарып кемсинткен эле. Ошко барсын, Оштуктар "урбанизация" эмне экенин иш жүзүндө көзүнө сайып көрсөтүп коюшат, энеден туума жыпжылаңач болуп чечинишпей эле», - деп кошумчалады.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости