www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда жакырчылык 35% жетиши мүмкүн

Дүйнөлүк банктын эсеби боюнча, Кыргызстанда 2020-жылы экономика 8,6% ылдыйлады. Сомдун АКШга карата курсу 19% төмөндөдү.

Бул тууралуу Дүйнөлүк банктын Кыргызстандагы кеңсесинин башчысы Навид Хасан Накви медиа каражаттарынын өкүлдөрү менен жолуккан учурда айтты.

2019-жылы болжол менен калктын 20% жакырчылыктын жеткен чегинде жашаса, 2020-жылы бул көрсөткүч 31% жетти, 2021-жылы дагы 35% болору күтүлүүдө.

Мындай кейиштүү абалды Хасан Накви эки себеп менен түшүндүрдү. Биринчиси - киреше булактарынын жоголушу жана инфляция, экинчиси - 2020-жылы 12% жеткен азык-түлүк баасынын жогорулашы.

Дүйнөлүк банк COVID-19 пандемиясынын кесепеттерин жоюу үчүн Кыргызстанга жардам иретинде 160,15 млн. доллар бөлгөн.

Анын 22,15 миллион доллары медицинага, 138 миллиону - калктын аз камсыздалган жакыр адамдардан турган катмарына жардам катары жана пандемияда жабыр тарткан орто, чакан бизнеске берилген. 

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости