www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Үстүбүздөгү жылдын 11-апрелине жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо дайындалган.
Андыктан, прокуратура органдары аталган шайлоодо мыйзам талаптарынын так сакталышы боюнча тийиштүү иштерди жүргүзүп, жалпыга маалымдоо каражаттарына, интернет булактарына жана социалдык тармактарда мониторинг жүргүзүүдө.
Мыйзамга ылайык, үгүт жүргүзүүгө, ар кандай үгүт материалдарын чыгарууга, таратууга мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматчылар, атайын мамлекеттик жана саясий муниципалдык кызмат орундарын ээлеген адамдар, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү, байкоочулар, эл аралык байкоочулар, диний ишмерлер, кайрымдуулук иши менен аракеттенген уюмдарынын уюштуруучулары жана мүчөлөрү, жаш өспүрүмдөр, чет өлкөлүк жарандар, уюмдар, жарандыгы жок адамдар укуксуз экендигин Башкы прокуратура эскертет.
Өз учурунда прокуратура жана башка укук коргоо органдары шайлоо мыйзамдарынын бузулушуна бөгөт коюу боюнча чараларды көрөт.
Ошондой эле, шайлоо алдындагы үгүттү жүргүзүүдө улуттук, этностук, расалык, диний, регион аралык жек көрүүнү, кодулоого чакырган гендердик жана башка социалдык артыкчылыкты пропагандалоого же бийликти басып алуу, конституциялык түзүлүштү күч менен өзгөртүү, мамлекеттин бүтүндүгүн бузуу чакырыктарын жасоого, кандай гана формада болбосун шайлоочулардын добушун сатып алууга тыюу салынгандыгын шайлоочуларга жана шайлоо процессинин башка катышуучуларына түшүндүрүп, мыйзам талаптарын так сактоого чакырабыз.
Булак: NazarNews.kg