www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тоң районунда 25 жаштагы жигитке чагылган тийип каза болду. Бул тууралуу журналисттерге  милициядан билдиришкен. Анын маалыматына караганда окуя Көл-Төр айылында 17:20лар чамасында болгон. "25 жаштагы А.Э.талаада тоого жакын жерде жүргөн. Ага чагылган түшүп, окуя болгон жерде көз жумган", - деп айтып, кененирээк маалымат кийинчерээк кошумчаланып берилээрин кабарлашкан.

 Ал эми жергиликтүү тургундар: " Окуя Көл-Төр айылынын түндүк тарабындагы 2 чакырым алыста жайгашкан Саз участкасында болгон. Маркум эки айылдашы менен бирге мал кайтарып жүргөн. Саат 16:00 чамасында жаан жаап баштап, маркум А. уулу Э.ге жана ал минип жүргөн эшекке чагылган тийген. Маркум окуя болгон жерден каза болгон. Ошондой эле минип жүргөн эшеги да өлгөн", -деп маалымдашкан.
Алдын ала айтылган маалыматтарга караганда, маркумдун төш чөнтөгүндө уюлдук телефону бар болгон.

Булак: NazarNews.org

Последние новости