www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

КР ИИМдин ЖКККББы кызматкерлери Нарын шаарында илдетти алдын алуу боюнча иш алып барышууда. Бул тууралуу КР ИИМдин ЖКККББы басма сөз кызматы билдирди.

Кыргыз Республикасынын ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери Нарын облусунун Нарын шаарында COVID-19 илдетин алдын алуу жана жайылып кетишине жол бербөө максатында, жергиликтүү элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жана Нарын ОИИБы боюнча ЖККК бөлүмүнүн кызматкерлерине көмөк көрсөтүү максатында 2020-жылдын 10-май күнүнөн баштап Нарын облусунун Нарын шаарынын аймагында, одоно жол кыймылынын эрежелерин бузгандыгы жана карантиндин шарттарын аткарбаган 35 айдоочуга бузуулар тууралу протоколдор түзүлдү, анын ичинен:

- спирт ичимдигин ичип алып унаа башкарган үчүн - 1 айдоочуга;
- унаанын алдыңкы жана маңдайкы айнекткерин карангылатып алып унаа башкарган – 2 айдоочуга;
- тийешелүү документтери жок унаа башкарган – 11 айдоочуга;

Бөлөк дагы башка жол кыймылынын эрежелерин бузган - 21 айдоочуга бузуулар тууралу протоколдор түзүлүп, атайын унаа токтотулуучу короого 12 унаа токтотулду. Ошону менен бирге жүздөн ашык жараандарга карантиндин шарттарын сактоо, жеке коргонуучу жабдыктарды колдонуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүлдү. 

Ошондой эле, Нарын шаарындагы бирден бир эл көп топтолгон, илдеттин жугуп жана тарап кетишине коопту делген  “Береке” базарында жол кыймылын коопсуздугун камсыздоону ирээтке келтиришүүдө.

Булак: NazarNews.org

Последние новости