www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Лейлек районунда тажиктер өз алдынча "Кулунду айыл өкмөтү" жазуусун талкалап, алып кирип кетишкен. Бул тууралуу 13-майдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Таабалды Тиллаев билдирди.

“Лейлек районунда тажиктер өз алдынча Кыргызстандын аймагындагы Кулунду айыл өкмөтү деген жазуусун талкалап, алып кирип кетишкен. Бошошуп олтура бербей кыймылдаңыздар. Демаркация жана делимитация иштери жүргүзүлгөнгө чейин чек араны жабуу керек” – деп Тиллаев өкмөт башчыга кайрылды.

Ошондой эле депутат премьер-министрден иш-аракеттерди жаңжал учурунда гана эмес, үзгүлтүксүз жүргүзүүнү сурады.

Эске салсак, 8-майда Баткендеги кыргыз-тажик чек арасында чыр чыгып, 4 кыргыз жараны жаракат алган.

Булак: NazarNews.org

Последние новости