www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстанда мыйзамсыз иштеп жүргөн эмгек мигранттарынын саны 100 миңден ашты. Бул тууралуу 18-октябрь күнү парламенттин жыйынында сүйлөп жатып “Республика - Ата Журт” фракциясынын депутаты Таабалды Тиллаев билдирди.
«Муну айткан себебим – бул жерде чоң коррупциялык схема бар дешет. Тиешелүү органдар аларды калкалап, ошолордун жардамы менен алар жумушун кылып же кандайдыр бир башка иштер менен алектенип жүрүшөт. 100 миң адамдын ар биринен ай сайын 1-2 миң сом алса да 200 миллион сом акча болот», — деди депутат.
Тиллаев Кыргызстандын кылмыш-жаза мыйзамдарында сырттан келген мигранттардын жана туристтердин жоопкерчилигин караган нормалар жетишсиз экенин айтып, өкмөттү ушул маселеге көңүл бурууга чакырды.
Миграция мекемеси депутат Тиллаевдин айткандары боюнча азырынча комментарий бере элек деп жазат Борбордук Азия Жаңылыктары.
Булак: NazarNews.kg