www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Союз маалында Кыргызстан дотацияда турган мамлекет болгон. Кыргызстандын бюджетин Москва бөксөртпөй, каржылап турган. Кыргызстан эгемендүүлүккө жетишкен соң, айыл чарбасын каржылоо үчүн чамасы –чарк болуп, айласы кетип турду. Ушундай маалда жаш реформатор Бекболот Талгарбеков пайда болгон. Талгарбековду көп адам түшүнгөн эмес, айрыкча өмүр бою компартиянын “токочун” жеп күн көргөндөр каршы чыгып, айрыкча оор кырдаал түзүлгөн. Ошондуктан, Бекболот Талгарбеков “жан алгычка” айланып, партбосстор тарабынан министрликке, вице-премьерликке илинбей, милдетин аткаруучу болуп, жер реформасын жүргүзгөнү үчүн ушул күнгө` чейин “шыбагасын” жеп келатат.
Кыргызстанда 504 колхоз, совхоздор бар эле, ар бир колхоз, совхоздордо маяна алып кол жоорутпай иштеген көптөгөн вакансиялар боло турган. Мейли, миллионер колхоз, совхоздор өздөрүн-өздөрү багып кетишсин, ал эми көпчүлүк колхоз, совхоздор мамлекеттин мойнуна чап минип, мамлекет каржылап турган. Тешик бюджет менен калган мамлекет булардын баарын каржылай алмак эмес. СССР убагында Кыргызстанда койлордун башы он жарым миллионго жеткени менен 1994-жылы жарымысына түшүп калган. Парламент тарабынан айыл чарбасына реформага каршы тикесинен – тик турган. Ооба, көптөгөн жаңы түзүлгөн мамлекеттерде колхоз, совхоздор сакталып калды. Алсак коңшулаш Өзбекстанда колхоз, совхоздор сакталганы менен колхозчулардын ал-ахыбалы “мышык ыйларлык” абалга келип, элдери талаадан машак да тере албай калышкан. Кыргызстанда деле абал оорлоп пахта, тамеки, эт-сүт алуу төмөндөп. 1993 - жылы колхоз, совхоздорго мамлекеттик бюджет тарабынан авансыланып акча берилген. Ошол мезгилде Бекболот Талгарбеков жеңин түрүнүп бул ишке чамынып кирген. Бекболот Талгарбековдун жер реформасы боюнча жайыттан тышкары айыл чарбасына жарактуу жердин 75 пайызы айыл элине бекер 49 жыл мөөнөткө таратылып берилген. Ал эми колхоз, совхоздордун мүлктөрү да бөлүнгөн. Коомчулук бул реформага бут тосуп “Талгарбеков айылды талкаламай болду” деген кеп чыккан. Кыргызстанда айдоо аянты аз гана санда 1 миллион гектардан бир аз ашуун жер бар. Жер бир гана жерди иштеткендерге берилбестен Бекболот Талгарбековдун реформасы боюнча калыстык кылынып, бардык айыл элине бирдей кылынып бөлүнүп берилет. Жер үлүштөрүн иштегендер да, иштебегендер да, наристелер да, пенсионерлер да, мугалимдер да, дарыгерлер да бирдей алышкан. Канча өлчөмдө жер үлүштөрүн алары, ошол колхоз, совхоздордун жерине байланыштуу болгон. Жерди бөлүштүрүү тынч болуп өткөн. Ушул жерде Бекболот Талгарбековдун реформасынын бир кемчилиги оркоюп көрүнүп турат. Жерди бөлгөн соң майдалап ар кимге бөлүп жибербей кооперативдерди ошондо эле колхоз, совхоздор бөлүнөр менен түзсө болмок. Жерди иштеткендер, мал баккандар, баягы эле алдым-жуттум жетекчилер жакшы жерлерге, жакшы сарайларга, жакшы техникага ээ болушуп, көпчүлүк тишинин кирин соруп кала берди. Баягыдай жардам бере турган колхоз, совхоздор жок, айыл элинин бай, кедейге бөлүнүүсү башталды. Ал эми канчалаган жылдар өтсө да кооперативдерди уюштурабыз деген кеп натыйжасы жок калды. Жеген токочтору жоктор жерлерин сатып да бүтүштү.
Бекболот Талгарбековдун реформасынын негизинде мал сарайлары, малы менен менчикке бөлүнүп кетти. Негизи бул реформанын багыты боюнча атайын тейлөө боюнча кооперативдер түзүлүш керек эле. Бирок, көпчүлүк чарбаларда техника, тейлей турган башка нерселер бүт менчиктешип кете берди. Көпчүлүк жерде колдоого алына баштаган жер реформасына өзгөрүүлөр кирип жерди пайдалануу 49 жылдан 99 жылга узартылган.
Бекболот Талгарбековдун реформасынан улам дыйкандар базардын талабы боюнча иштеп, мамлекеттик пландуу заказ берүү токтотулуп, мамлекеттик сатып алуу жүргүзүлө баштады. Ушундан улам да дыйкандар бир жылы жалаң картошка айдап, картошканын наркы түшүп кетип, көп убара болушту.
Эгер Бекболот Талгарбековдун реформасына чейин чарбалар бюджетке салыктын 13 түрүн төгүп турса, эми дыйкандар жер салыгын жана Соцфондго төлөмдөрдү гана төгүп калышкан. Тоолуу райондор үчүн салыкка жеңилдиктер берилип салыктын жарымы гана төлөнүп калган. Салыктын мындай жеңилдеткен түрү дыйкандар үчүн аба менен суудай керек эле. Биз жогоруда сөз кылган 504 колхоз, совхоздордун ордуна 80 миң дыйкан чарбасы түзүлгөн. Бирок көпчүлүгү сатып жибергенден улам, бул сан да азайып калган сыяктуу. Бекболот Талгарбековдун реформасына таянып 2 жарым миллион айыл эле жер үлүштөрүн алышкан, бул жер үлүштөрү 99 жылга эсептелинсе, кийин мыйзамдын негизинде дыйкандардын жеке менчигине айланды. Ушунун негизинде дыйкандар жер үлүштөрүн банк жана башка Каржы институттарына “залогго” койо алышат. Эгер дыйкандар өз учурунда алган акчаларды төлөй алышпай калышса, банк алардын жерин алып, алты айдын ичинде башка дыйкандарга сатууга укугу бар. Мамлекеттик жерлерди ижарага алуу конкурстардын негизинде ишке ашат. Жерди сатып алууда чек коюлган, адам башына 50 гектар жерден ашпашы керек.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg